Айтым (высказывание) – кептик пикир алышуунун, кабарлоонун бирдиги.

Айтым лингвистикалык термин катары тилдик каражаттардын кепте колдонулушун изилдөөдө келип чыгып, сүйлөмгө карата аныкталат. Мурда тил илиминде айтымды фраза деп аташып, аны сүйлөмдөн көлөмү, мазмуну, функциясы боюнча айырмалап келишкен. Азыр көпчүлүк окумуштуулар Айтым менен сүйлөмдү карама-каршы койбостон, сүйлөмдүн өзүн экиге: структура-семантикалык схема (модель) жана Айтым деп бөлүп карашат. Мындай түшүнүк боюнча, Айтым сүйлөм моделинин (схема) конкреттүү кептик ситуацияда колдонулушу, реализацияланышы болуп саналат. Ушуга байланыштуу А. төмөнкүдөй өзгөчөлүктөргө ээ: а) пикир алышуучуларга ориентацияланышы, багыт алышы (сүйлөөчүнүн позициясын баяндоо, аңгемелешүүчүнүн билими, белгилүү реакциясы менен эсептешүү); б) ар кандай деңгээлдеги бирдиктердин интеграцияланышы (аларда лексикалык, грамматикалык, интонациялык маанилердин өзара аракеттенүүсү); в) ситуативдүүлүгү (сүйлөөчү билген конкреттүү ситуацияга, окуя, кырдаалга катыштуулугу).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4