Айыл чарбаны ургалдаштыруу

Айыл чарбаны ургалдаштыруу - өндүрүштүн өркүндөтүлгөн каражаттары менен методдорун колдонуунун негизинде айыл чарба азык-түлүгүн чыгаруунун жер аянтынын бирдигине (мал санына) эсептегендеги өсүшү; азыркы шартта айыл чарбаны өнүктүрүүнүн негизги багыты.

Айыл чарбаны ургаалдаштыруу факторлору: комплекстүү механикалаштыруу, айыл чарбаны химиялаштыруу, жерди мелиорациялоо, инновациялык технологияларды өздөштүрүү, орток чарба кооперациясы менен агрардык өнөр жай Интеграциясынын базасында өндүрүштү адистештирүү жана топтоо, илим менен алдыңкы тажрыйбанын жетишкендиктерин пайдалануу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9