Интеграция – саясий кандайдыр бир бөлүктү жана элементтерди бир бүтүнгө бириктирүү; коомдук, мамлекеттик структуралардын мамлекеттин чегинде же андан кеңирээк мамлекеттер аралык биримдикке кошулуусу. Мамлекеттер аралык интеграция улуттук саясий органдардын эгемендик укуктарынын бөлүктөрү берилген бийликтин жаңы институттарын түзүү жолу менен ишке ашырылат. Интеграция элдер менен мамлекеттердин өз ара байланышынын өсүшү илимий-техникалык прогресс менен тездетилген бардык коомдук турмушту интернационалдаштыруунун негизинде өнүгөт. Интеграциянын катышуучулары бийликти ишке ашыруу жана коомдук башкаруу менен байланышкан, белгилүү саясий функцияларга ээ уюмдар, топтор. Аларга атайын түзүлгөн трансулуттук институттар сыяктуу эле, улуттук-мамлекеттик институттар (өлкөлөрдүн мамлекеттик механизмдеринин бөлүгү, партиялар, профсоюздар, ишкерлер союзу жана башкалар) да кирет. Саясий ишмердуулуктун субъекттеринин интеграциясынан башка, чарбалык-саясий, социалдык-саясий, административдик-саясий, аскердик-саясий жана тышкы саясий ишмердүүлүктүн чөйрөлөрүндө алар иш жүзүнө ашырган саясий функциялардын кошулушу жүргүзүлөт. Интеграция процесси 20к-дын 50-жылдарында түзүлгөн европалык коомчулуктардын (ЕОУС, ЕЭС жана Евратом) базасында Батыш Европада алдыга жылган. Коомчулуктардын катышуучулары өлкөлөрдүн экономикасын активдүү трансулутташтыруу алардын башкаруу механизмдеринин өзгөчөлүктөрүнө алып келет, коомдук мамилелердин мүнөзүнө жана структурасына, коомдук идеологияга, калктын жашоосуна таасир тийгизет.

Колдонулган адабияттар Түзөтүү