Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн илдеттери

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн илдеттери - илдет пайда кылуучу себептердин (илдет козгогучтар, айлана-чөйрөнүн ыңгайсыз шарты ж.б.) таасиринен өсүмдүк функциясынын (фотосинтез, дем алуу ж. б.) жана организм (клетка жана ткань) түзүлүшүнүн бузулушу. Өсүмдүк илдети жугуштуу жана жугушсуз деп 2 топко бөлүнөт. Жугуштуу илдетти фитопатогендик организмдер, козу карын, бактерия, вирус, нематода, гүл мителери пайда кылат. Илдет козгогуч илдеттүү өсүмдүктөн таза (илдетсиз) өсүмдүккө жаныбар, шамал, суу ж. б. аркылуу жугат. Жугушсуз, физиологиялык илдеттерди сырткы чөйрөнүн ыңгайсыз шарттары (минералдык азыктануу режиминин бузулушу, температуранын кескин өзгөрүшү, нымдын ашыкча же тартыш болушу ж. б.) пайда кылат. Илдет өсүмдүктүн тигил же бул органынын айрым чектелүү гана жерин, ал эми кээ бири өсүмдүктү бүтүндөй жабыркатып, өнөкөт же циклдүү өтөт. Илдеттин пайда болушу, күчөшү, таралышы илдет козгогучту өсүмдүктүн кабыл алышына жана шартка жараша болот. Өсүмдүктүн айрым жериндеги илдет (жергиликтүү илдет), ошол өсүмдүктүн коргонуу реакциясынын туруктуулугуна байланыштуу. Диффузиялык (жалпы) илдет өсүмдүктүн коргонуу реакциясы жакшы туруштук бере албаган учурда өөрчүйт, мындай илдеттерге вирустуу мозаика, чирик ж.б. кирет. Өсүмдүктү илдеттен сактоодо алдынала көрүлгөн иш чаралар, өсүмдүк карантини чечүүчү мааниге ээ болуп, илдеттин пайда болуу, өрчүү жана таралуу коркунучунан сактайт же кыйла даражада токтотот, мисалы, үрөндү химиялык жол менен ууландыруу, өсүмдүккө химикат чачуу ж. б. иштер жалбырак, мөмө-жемиштерди илдеттен гана эмес, илдетти таза өсүмдүккө жуктурбоону алдын алат. Агротехникалык, химиялык ж. б. коргоо каражаттарын колдонуу түшүмдүн илдеттен коромжуга учурашын азайтат. Өсүмдүктүн илдетке туруктуу сортторун эгүү да жакшы натыйжа берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1