Айыпкер - сот процессине чейин тергөө жүрүшүндө ага карата тергөө токтому чыккан адам. Айыпкердин жазык иши сот отуруму (заседаниеси) дайындалгандан кийин соттолуучу адам деп аталат. Айыпталуучунун кылмыш иш жасалгандыгы жөнүндө далилдер толук болгондо гана тергөөчү токтом чыгарат. Токтом ким тарабынан, качан, кайсы жерде түзүлгөндүгү, айыпкер катарына тартылуучу адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, кылмыш кайсы убакта, кайсы жерде, кандай жагдайда, ошол адамдын жасаган кылмышы КРнын Жазык кодексинин кайсы статьясы менен жазаланары көрсөтүлөт. Айыпкер өзүнүн эмне үчүн айыпталып жаткандыгын билүүгө, коюлган айып боюнча көрсөтмө жана түшүнүк, далил, өтүнүч берүүгө, анын адвокаты, жазык иш тергелип бүткөндөн кийин иштеги материалдар менен таанышууга укуктуу. Тергөөдө жана сотто айыпкер тергөөчүнү, экспертти, котормочуну, прокурорду жазык иштен четтетилишин сурап, өтүнүч жасай алат, сот отурумуна катышып, иш боюнча талап коёт, аппелляция иретинде каралган ишке катышып, тийиштүү өтүнүч менен кайрыла алат. Адвокаты тергөө жана сот органдарынын буйруктарына баш ийүүгө милдеттүү, өз эне тилинде сүйлөөгө жана котормочунун кызматынан пайдаланууга укуктуу. Буга айыпкердин коргоочусу да укуктуу. Тергөө жана сот органдары айыпкердин укугунун толук аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү. Айыпкер коргоочудан ар убакта баш тартууга укугу бар. Коргоочу менен келишим түзүлгөндөн кийин айыпкердин баш тартуу укугу жок. Айыпкердин жакын туугандары жактоочу катары сот заседаниесине гана катыша алышат. Тергөөдө адвокат гана катышат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1