Айыптоо өкүмү – соттолуучу адамдын күнөөсүн аныктай турган өкүм. Соттолуучу адамдын жасаган кылмышы боюнча күнөөлүүлүгү иликтенген далилдердин жыйындысы аркылуу бекемделгенде гана Айыптоо өкүмү кабыл алынат жана ал ар кандай жоромолдорго негизделбейт. Сот жазага тартуу жана камактан бошотуу тууралуу айыптоо өкүмүн кабыл ала турган учурлар: ошол өкүм боюнча соттолгондорду жазадан бошото турган кечирим берүү мунапысы жарыяланса; соттолуучу адамдын алдын ала камакта жаткан мезгили сот тарабынан белгиленген жаза мөөнөтүнө кошулганда. Сот төмөндөгүдөй учурларда жаза чарасы көрүлбөй турган айыптоо өкүмүн кабыл алат: адам коомчулукка коркунуч туудурбай калганда; камакта жаза мөөнөтүн өтөөгө мүмкүндүк бербей турган оор дартка чалдыкканда; адамды бул кылмыш боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү эскиргенде. [1]

Шилтемелер түзөтүү

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7