Айыртам-ой жазуулары - Талас өрөөнүндөгү Айыртам-Ой деген жерден табылган байыркы түрк рун жазуулары. Айыртам-Ой өрөөнү орхон-енисей тибиндеги жазуу эстеликтери менен илимде кеңири белгилүү. Орус картографы, географ жана Сибирь тарыхчысы С. У. Ремезов 1697-ж. «Чертеж всех сибирских градов и земель и чертёж земли всей безводной и малопроходимой каменной степи» деген картасында Кыргызстандын Талас суусунун баш жагына «Орхон таш, жайында кар жатат» деген белги койгон экен. Ал кандай маалыматтарды пайдаланып, ушундай кабарды жазгандыгы көпкө белгисиз болгон. Бирок, ошол Ремезовдун койгон белгиси эки жүз жылдан кийин туура чыгып, Талас суусунун сол жээгинде жаткан Айыртам-Ойдон 1 таш табылган. Аны жергиликтүү мугалим Гастевдин жардамы менен ошол кездеги Аулиеата уездинин начальниги В. А. Каллаур тапкан. Бул табылга орус жана чет элдик илимпоздордун чоң кызыгуусун туудурган. 1898-ж. В. А. Каллаур аймактан дагы ушундай жазуусу бар 2 ташты тапкан. Ушул эле жылы финн-угор археологиялык экспедициясы байыркы түрк жазуулары бар дагы 2 таш табат. Таластан табылган жазууларды окуу жана которуу иштерине орус түркологдору В. В. Радлов, П. М. Мелиоранский, С. Е. Маловдун, түрк окумуштуусу X. Н. Оркундун, кыргыз түркологу И. А. Батмановдун, россиялык С. Г. Кляшторныйдын чоң салымдары бар. 1961-62-ж. П. Н. Кожемяко, кийин Д. Ф. Винник, Ү. Асаналиев, К. Ашыралиев, Ч. Жумагулов өңдүү окумуштуулар жазуулары бар дагы 5 ташты табышкан, о. эле 1977-ж. ошол Айыртам-Ойдун (азыркы Кырк-Казык айылы) талаасынан Ч. Жумагулов 11талас эстелигин табат. 1898-ж. ачылып, жоголуп кеткен деп эсептелген 2 ташты кайра табууда жана изилдөөдө Ч. Жумагуловдун эмгеги чоң. 2002-ж. Жон-Арык айылынан жаңы руникалык жазуусу бар ташты А. Солтобаев тапкан. Айыртам-Ой өрөөнүнөн табылган руникалык эстеликтер байыркы кыргыздардын тарыхын, түрк тилдеринин тарыхын изилдөөдө чоң мааниге ээ. Азыркы убакта ал табылгалар Санкт-Петербург шаарындагы Эрмитажда, Хельсинки шаарында, Манастын күмбөзүнүн жанында, Бишкек шаарындагы мамлекеттик тарых музейинде, КУУда сакталып турат. Айыртам-Ой жана ага чектеш жерлерден негизинен байыркы түрктөрдүн жазуусу чегилген 12 таш табылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1