Малов, Сергей Ефимович (1880-1957). Дүйнөгө таанымал тилчи-окумуштуу, байыркы түрк тилдери боюнча ири адис. Борбордук жана Ички Азиянын чөлкөмдөрүн кыдырып чыгып, байыркы жана соңку түрк тилдери жана элдери боюнча эбегейсиз зор маалыматтарды жыйнап, илим чөйрөсүнө сунуш эткен.

1939-ж. СССР Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү болуп шайланган. В. В. Радлов менен биргеликте "Алтун йарук" аттуу байыркы уйгур тилиндеги чыгарманы табышып, изилдөөлөрдүн жыйынтыгын басмадан жарыкка чыгарышкан. Окумуштуу Энесай чөлкөмүндөгү байыркы кыргыз, Орхондогу түрк жазма эстеликтерин толук иликтеп чыккан. Изилдөөлөрдүн натыйжалары орус тилинде «Байыркы түрк жазма эстеликтери», «Кыргызстандагы жана Монголиядагы байыркы түрк жазма эстеликтери», «Түрктөрдүн Енисейдеги жазуулары» жана башка эмгектерде чагылдырылган. Алматы шаарынан жарык көргөн орус тилиндеги «Сары уйгурлардын тили» (1957), «Лобнорлуктардын тили» (1957) аттуу эмгектеринде автор сары уйгур жана лобнорлуктардын тилдери орто кылымдардагы кыргыз тили же кыргыз тилинин өнүгүүсүнүн ортоңку этабы деген тыянакты айткан. Илимпоздун чыгарган тыянагына караганда аталган этностор 9-к. орто чендеринде Уйгур мамлекетин талкалаган кыргыздардын бул аймакта калып калган бөлүгү болуп эсептелишет.

Соңку иликтөөлөр сары уйгурлар (сарыг югур), лобнорлуктардын кыргыздар менен жалпылыгын, түпкү тектеринин бир экендигин чагылдырууда. Атак- туу окумуштуунун илимге кошкон эң маанилүү эмгеги - бүгүнкү Хакасия, Тува, Тоолуу Алтай, Краснояр (Кызылжар), Кыргызстан жана ага чектеш аймактардагы рун сымал жазууларды кыргыздарга таандык экендигин илимий негизде далилдегендигинде. Адис-окумуштуу В.В.Радлов, В.Томсендерден кийин бул жазуу маданиятың кыргыздар өздөрү ойлоп таап, өнүктүрүшкөндүгүн аныктаган.

Өз эмгектеринин биринде 1944-ж. мурдагы Фрунзе (Бишкек) шаарыңдагы Илимдер Академиясынын кызматкерлерине Саян-Алтайдагы жазуу эстеликтери кыргыздарга таандык экендигин илим дагы бир ирет далилдегенин билдиргенде, жергиликтүү илимпоздор тарабынан каршы тосулуп алынгандыгын өкүнүч менен эскерген. Арийне, дүйнөлүк аты бар окумуштуунун илимий чыйырын соңку доордогу илим адамдары жигердүү улантышып келишүүдө.

Эмгектеринин чакан тизмеси түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)