Ай-Талаа (Наливкин) мөңгүсү
Ай-Талаа (Наливкин) мөңгүсү — Какшаал кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөнгү.
Уз. 7,0 км, аянты 6,5 км2. Какшаал дарыясынын сол куймасы Чоӊ-Үзөӊгү-Кууштун төрүнөн орун алган.
Мөӊгүнүн башы деңиз деңг. 5160 м, этеги 4200 м бийиктикте жайгашкан.
Кар чегинин бийикт. 4600 м. Абляция обласынын аянты 2,6 км2. Мөӊгүдөн Ай-Талаанын (Чоӊ-Үзөңгү-Кууштун башы) бир салаасы башталат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Archived 2013-07-28 at the Wayback Machine - Б.: 2004. ISBN 9967-14-006-2
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|