Академиялык кайыкта сүзүү

Академиялык кайыкта сүзүү - кайык спортунун бир түрү; спорттук атайын кайыкта жарышуу. Жарышуу үчүн - скиф, үйрөнүү үчүн клинкер тибинде жасалган кайыктар колдонулат. Академиялык кайык эки калак менен айдалуучу, 1, 2, 4 кишилик жана бир калак менен айдалуучу 2, 4, 8 кишилик болуп бөлүнөт. Кайыктардын түзүлүшү, формасы жана көлөмү ар кандай болушу мүмкүн, бирок ар бир кайыктын учу (мурду) 4 см ак түстөгү резина шары менен жабдылат. Академиялык кайыкта сүзүү спорту 19-кылымдын 1-жарымында Улуу Британияда пайда болгон. Эл аралык федерациясы 1892-жылы уюшулган. 1900-жылы олимпиадалык оюндардын, 1962-жылы дүйнөлүк чемпионаттын программасына кирген. Кыргнда академиялык кайыкта сүзүү боюнча А. Водоватов дүйнөнүн 2 жолку чемпиону. Мелдештер Чүй каналында жана Ысык-Көлдө өткөрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1