Ат жабдыктарын узануунун бир түрү. Тигилген тигиш. Бул — жүгөнгө, көмөлдүрүккө, басмайылга, куюшканга булгаары кайышка ак кайышты жана ак кайышты ак кайышка беттеп, чыйратылган тарамыш же кебез жип менен кайып жасоо. Каптаган ээрди да кайып бүткөрүүгө болот. Өтүк, маасы, көк жеке, мөкү, кепич өңдүү бут кийимдерди, жагдан, чыны куту, көөкөр, көнөчөк, көнөк, сабаа, көңдөөл өңдүү тери, шири идиштерин тигүүдө да кайык өнөрү көп колдонулат.


Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)