Акарт мрамор кени - Ош облусунун Ноокат районунда, Жаңы-Ноокат кыштагынан 30 км түштүктө, деңиз деңгээлинен 2700-2880 м бийиктикте. 1987-92-жылдары геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Мрамор ортоңку таш көмүр мезгилинде пайда болгон. Өңү ак, көгүш-ак, ачык-боз, боз, кесек кристаллдуу, массивдүү, декоративдүү. Физикалык-механикалык касиеттери: орточо тыгыздыгы 2,70 г/смъ, көзөнөктүүлүгү 0,78%, суу сиңирүүсү 0,08%, кургак абалда баскандагы бектигинин чеги 73,0 МПа, сууга каныккан абалда 67,1 МПа, жешилүүсү 1,62 г/см2, суукка чыдамдуулугу 25 цикл. Блоктордун орточо чыгышы 50% , 1 м3 блоктон 18 м2 каптама такталар чыгат. Мрамордун запасы А категориясы боюнча - 346 миң м3, В -763 миң м3, С1 - 2018 миң м3, А+В+С1- 1327 миң м3.

Колдонулган адабияттар түзөтүү