Акбала"Манас" эпосундагы кейипкер, Күлчоронун зайыбы, Эштектердин Жамгырчысынын кызы. Семетей Коңурбайды жеңип атасынын өчүн алды деп Жамгырчынын баласы Шайымбек карындашы А-ны алып келгенде Семетей аны Күлчорого алып берген. Семетей кайып болуп, Күлчоро Кыяска туткунга кеткенде Канчоро аны токолдукка алмак болот. Сулуулугуна төп келген акылы, эр жигитке тете кайраты бар А. Канчорого тийгенден көрө өлүмдү артык көрүп, эркекче кийинип, колуна курал алып, далай балбанды жайлап, камап барып Канчорого алы жетпей колго түшүп калат. Канчоро Каныкей экөөнү күң кылып, А-га уй кайтартып, Каныкейге музоо бактырып коёт. Сейтек чоңоюп, Айчүрөк менен Күлчоронун кайрылып келишин күтүп, тарткан азабына, көргөн кордугуна чыдап жүрөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4