Акбешим кыштагы - (кыргызча ак; моңголчо бешң - сарай, имарат; ак сарай, ак имарат, ак үй маанисинде; мурдагы аты – Чалаказак) - Чүй облусунун Чүй районундагы кыштак. Акбешим айыл өкмөтүнүн борбору. Райондун борбору Чүй кышнан 4 км түштүк-батыш тарапта. Токмок темир жол бекетинен 5 км. Деңиз деңгээлинен 970 м бийиктикте. Калкы 2347 (2005); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, өндүрүштүк окуу комбинаты, мончо, ФАП, мечит ж. б. бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1