Акбото бий
Акбото Рахимбий уулу (болжолу 17-к-дын аягы – 18-к-дын 30-ж-нын ортосунда жашаган) – саясий ишмер; Кокон хандыгынын Кожент (Хожент) вилайетынын бийлеген.
Рахимбий уулу Акбото راحئمبئي ۇۇلۇ اقبوتو | ||
| ||
---|---|---|
Уруусу: | саруу уруу Кырк уругу | |
Атасы: | Рахим бий | |
Кесиби: | бий, манап |
Кыргыздын саруу уруусунун кырк уругунан. Тарыхый маалыматтар б-ча ал Бухара ханы Убайдулланын (1702–11-ж. башкарган) ишеничине ээ болуп, Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгышындагы Хоженттин аймагын калмак баскынчыларынан коргоочу кошуундун башчылыгына дайындалган. Бул аймакта Ак бото саясий аброю өскөндүктөн, Кокон хандыгынын негиздөөчүсү Шахрух бийдин кызына үйлөнүп, өзүнүн кызын анын уулу Абд ар-Рахим бийге турмушка берип, Коконду башкарган Миң династиясы м-н кайчы куда болгон. Хожентти башкарууну Абд ар-Рахим бийге тапшырган. Бул аягында күйөө бала м-н кайын атанын ортосундагы ачык тирешүүгө алып келген. Эрегиште Рахим бий кайын атасын өлтүрүп, Хожентке өзүнүн иниси Абд ал-Карим бийди дайындаган.
Колдонулган адабият
түзөтүү- Булак 1: Кыргыз Инфо Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine
- Булак 2: Биздин Archived 2022-01-23 at the Wayback Machine
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|