Аккозиев Имиль Акунович (1945-ж. туулган, Чүй облусу, Кант шаары) - электроника жаатында адис, техника илимдеринин доктору (1999), профессор (1993), КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер (1995). ФПИни (1968), Москвадан МТЖОЖдун аспирантурасын бүтүргөн (1977). Окутуучу, кафедра башчысы, ФПИ, КМКТАУ, КРСУнун проректору, КРнын премьер-министрлиги аппаратында социалдык-маданий жактан өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги, КРнын Президентинин кеңешчиси (2001-2005). 50дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 2 монографиясы жарык көргөн. Алар оптикалык эске тутуучу түзүлүштөрдү иштеп чыгууга арналган. Даңк медалы менен сыйланган (1999). Эмгектери: Оптические накопители цифровой информации (в соавторстве). Б., 1993; Акустооптика и голография: совместное применение для хранения и обработки информации. Б., 2001.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1