Ак колу - каңды уруусунун курамындагы урук. Этнонимдин параллели топоним катары белгилүү: Ак-Кол ашуусу, Талас району[1].

Каңдылар ХI-XIII кк. Ысык-Көл, Талас аймактарын мекендегендиктери маалым[2]. В.В. Бартольд Чүй суусуна жамаатташ аймактарды жердеген кандыларды кара кытайлар сүрүп чыгарганын жазат[3]. Талас жергесиндеги Ак-Кол деген ашуу уруктун энчилүү атына байланыштуу (этнотопоним) келип чыгышы мүмкүн.

Эскертүүлөр түзөтүү

  1. СГНК , 1988, 15.
  2. Абул Гази, 1906, 34.
  3. Бартольд В.В, Т.I, 4.1, 294.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Каратаев О. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. — Бишкек: КТМУ, 2003. -265 6. ISBN 9967-21-621-2