Акмак уул, амалдуу ата (Келтенбай менен Теке)

Акмак уул, амалдуу ата (Келтенбай менен Теке)

Өткөн заманда өз эмгеги менен күн көргөн Теке аттуу бир адам жашаптыр. Текенин Келтенбай ысымдуу эси жогураак жалгыз уулу болуптур. Кичинесинен эркелеп жалкоо өскөндүктөн, чоңойгондо деле атасына жардамы тийбеген дардес болуп калыптыр.

Бир жолу Теке эгин айдайт, маласын өзү тартат, үрөнүн себет, жайлата сугарат. Келтенбайдан жардам жок, талаага келгенден кийин уктап жатып алат. Ошентип жүрүп Текенин эгини калаган камыштай болуп жакшы чыгып бышат, орок башталат. Теке эгинин оро баштайт, уулу болсо дардайып уктаганы уктаган. Теке уулунун балбансынып жүргөнүн, мактанчаактыгын билет. Амал ойлойт. Уулун жанына отургузуп алып, илгерки өткөн балбандардан кеп кылып Келтештин бүйрүн кызытат. Акырында: «Илгеркилер ушундай эр болчу. Мен да бош келбейм. Баланча-түкүнчө балбанды жыккамын. Эмкилер далдайган менен мууну жок. Атаңдын көрү ай, күч сынашаар адам жок, каруулашаар балбан жок» - дейт. Кептен кеп чыгып отуруп, экөө күрөшмөк болушат. Ким жыкса, чыныгы балбан катары эгинди бүт оруп-жыйнамак болот.

Теке менен Келтенбай коён колтук алышып, ары сүрүшөт, бери сүрүшөт. Акыры амалданган атасы чийдин дүңгөсүнө чалынымыш болуп чалкасынан кетет. Теке балбанды жыктым деп мактанган Келтенбай айбан, эгинди убада боюнча бүт оруп жыйнаптыр.

Балбанмын деп атасы менен күрөшкөн Келтенбайдын, жашында татыктуу тарбия бере албай, көпкөн уулу менен таймашкан Текенин бул жоруктары «баягы Теке менен Келтенбайча» деп узун элдин учуна, кыска элдин кыйрына лакап болуп тарап кеткен экен.

Түгөлбаев Орозобек Кыргыз билим берүү академиясынын окутуучусу

Дагы караңыздар түзөтүү