Күчү жок эт, күчтүү сорпо

Күчү жок эт, күчтүү сорпо

Бул окуяны эки заманды тең көргөн атабыз айтып калаар эле. Атам бала жигит кезинде бир байга малай жүрүптүр. «Малай» дегендин мааниси «кол бала» дегенди түшүндүрөт. Илгерки заманда адамдар чоңоюп келе жаткан уулун кагылып-согулсун деп малайлыкка беришчү экен. Байдын башка да малайлары болуптур. Алардын бири тилдүү-ооздуу, сөз кезегин жибербеген чечен жигит экен.

Күндөрдүн биринде байдыкына мейман келип калат. От улуу жагылып, эт арбын салынат. Малайлар жаны тынбай, бири от жагып, бири казанды карап, сорпону сапырыштырып, этти астын-үстүн кылып, эткелин алып дегендей тынбай кызмат кылышат. Бүгүн бир курсак тоёр деген үмүттө болушат. Эт бышкандан кийин бай этти чыгартып алып, конокторуна тартып, калганын үй-бүлөсүнө берет. Малайларына болсо сорподон гана бердирип коёт. Анысынан да митаам бай жөн отурбастан: «Ичкиле, балдар, ичкиле. Эттин күчү сорпого чыгат» - дей бергени өтүп кетет. Ошондо баягы малай жигит кептин кыябын келтирип туруп: «Байаке, андай болсо күчтүү сорпону өзүңөр ичип, күчү жок этти бизге эле бербейсизби» - дептир. Олтурган эл дуу күлүп, митаам бай сөзгө жыгылып, уят болуп калган экен.

Түгөлбаев Орозобек, Кыргыз билим берүү академиясынын окутуучусу

Дагы караңыздар түзөтүү