Акман - мундуз уруусунун курамындагы ири уруктун аталышы[1]. Акман - Базар-Коргон аймагындагы айылдын аталышы (этнотопоним) катары да маалым.

Параллели казактарда “акбан” формасында кездешери аныкталган[2]. Бул уруунун (уруктун) чыгыш теги орто кылымдардагы огуз-түркмөн этникалык чөйрөсү менен байланышта болуусу мүмкүн. Анткени, XII к. огуз-түркмөндөр “акман” жана “караман” деген ири уруулук бирикмелерге бөлүнгөндүгү маалым[3]. Бүгүнкү Кытайдын Сюнхуа округун байырлап келишкен огуз (түрк) тилдүү саларлар өздөрүнүн түпкү бабалары катары легендарлуу Акман жана Караманды аташат[4]. Кыргыз-огуз (түркмөн) этникалык алакалары орто кылымдарда өтө активдүү жүргөндүгүн этнонимиялык параллелдер (175 параллель) да аныктары шексиз. Кыргыздардын этникалык курамына кирген огуз компоненттерине төмөнкүлөрдү мисал катары келтирсе болот: геклең (тейит), тек-рен (тейит), эрсары (кесек, тейит), түркмөн (канды), йолатан (кыпчак) ж.б.у.с. (-ман мүчөсү боюнча караңыз: толуман, бычман этнонимдери).

Эскертүүлөр түзөтүү

  1. Төрөкан уулу, 1995, 88.
  2. Востров, Муканов, 1968, 88-89; Атаниязов, 1988, 17.
  3. Агаджанов, 1969, 227.
  4. Атаниязов, 1988, 17.

Колдонулган адабияттар түзөтүү