Акматалиев Темирбек (Суусамыр)

Акматалиев Темирбек (1. 7. 1940, Суусамыр өрөөнү, Көкөмерен кыштагы - 1997, Бишкек) - эмгек ардагери, жетекчи кызматкер.

Фрунзедеги Автомобиль жолдор техникумун (1961), Москвадагы Автомобиль жолдор институтун (1967) жана Алматыдан жогорку партиялык мектепти бүтүргөн (1984). Эмгек жолун 1962-ж. Ат-Башы районундагы ДЭУ957де механик болуп баштаган.

1967-жылдан Автомобиль транспорту жана шоссе жолдор министрлигине караштуу ДЭУ-958де башкы инженер, начальник (197381), Аламүдүн райондук аткаруу комитетинде төраганын орун басары (198187), Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жабдуусунун алдындагы Васильевка ПМКсында начальник (198797), «Кыргызтара» ишканасында башкы инженер, Панфилов атындагы булгаары заводунда директордун орун басары, Бишкек мэриясында транспорт инспекциясынын начальниги болуп эмгектенген.

Ал «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» (1977) жана «Эмгек ардагери» (1985) медалдары, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Чал уруусунан.

Өмүрлүк жубайы Акматалиева Токтокан экономика илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетинде декандын орун басары болуп эмгектенген.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9