Суусамыр өрөөнү ― өзүнчө физико-географиялык аймак. Өрөөн Кыргыз Ала-Тоосу менен Суусамыр, Жумгал тоолорунун аралыгында, деңиз– деңгээлинен 2000—3200 м бийиктикте жайгашкан. Узундугу 150 кмге жакын, туурасы кеңири жеринде 45 км. Батышы Өтмөктүн Суусамыр суусуна куйган жеринен чыгыштагы Сокулук суусунун чатына чейин кенен жайык келет. Сырткы көрүнүшү үч бурчтук сымал, майда адырлуу, дөңсөлүү түздүк. Чыгыштагы Батыш Каракол өрөөнү улам кууштап, абсолюттук бийиктиги да жогорулайт. Суусамыр суусу, Батыш Каракол суусу менен кошулуп Көкөмерен суусун түзөт. Топурагы жана өсүмдүктөрү бийиктик алкактуулук мыйзам ченемдүүлүккө баш ийип тараган. Суусамыр өрөөнү негизинен жайкы жайыт. Чуй, Талас, Кетмен-Төбө өрөөндөрүнөн келген мал жайлайт. Казакстандын Мерке районунун малы да чыгат. Борбордук бөлүгүндө тоют өсүмдүктөрү айдалат.