Айдаралиев Акматбек (1916, Чүй облусу, Аламүдүн району, Кайырма кыштагы - 1987, Фрунзе шаары) - медицина илимдеринин доктору (1959), профессор (1960).

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген дарыгери (1948). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери. Ташкен медицина институтун бүтүргөн (1939), ошол эле жылдан Нарын облусу саламаттык сактоо бөлүмүнүн, Пржевальскидеги шаардык поликлиниканын башчысы (1941-43), Кыргыз ССР Саламаттык сактоо министринин орун басары (1947-50), КММИнин директору (1952-55), Кыргыз ССР Саламаттык сактоо министри (1960-63), 1963жылдан КММИде кафедра башчысы болгон. Анын илимий-изилдөө иштери көз ооруларын жана саламаттык сактоонун тарыхын, санитария маселелерин изилдөөгө арналган. Эмгек Кызыл-Туу, «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Эмгектери түзөтүү

  • Кыргызстандын саламаттык сактоо ишинин негизги өсүш этаптары. Ф., 1958;
  • Библиографические материалы по здравоохранению и истории Киргизии.Ф., 1962;
  • Советтик Кыргызстанда саламаттык сактоонун өсүшү. Ф., 1970.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1