(1912, Өзгөн району, Кошэтер айылы - өлгөн жылы белгисиз)- манасчы.
А-тын атасы өз учурунда чоң жомокчулардан болгон. Ал Токтомуш деген бийдин эки жоргосун багып, кайда барса аны менен чогуу жүрүп, көп жомокчу, ырчыларга жолугат, «Манас» айтууну Келдибек Карбоз уулу менен Тыныбек Жапы уулунан угуп үйрөнгөн. Андан «Манас» эпосунун биринчи бөлүмүнөн Манастын Алтайдан келиши, Шоорук менен Акылай, Манастын Алтайдан көчүп Анжыянга келиши, Алоокени жеңиши, Манастын Таласка келиши эпизоддору (1407 сап ыр) жана «Манас» эпосуна байланыштуу Аккула жөнүндө баян, Манастын Аккулага ээ болушу, Ачбуудан, Мааникер жөнүндө уламыш жазып алынган