Корчубек Акназаров
Корчубек Акназаров (Кызыл-Октябрь, СССР, 1-август 1922 — Бишкек, Кыргызстан, 2019) — Коомдук ишмер, Кыргыз ССРинин советтик-партиялык ишмери, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери.
Корчубек Акназаров | |
Туулган датасы: | |
---|---|
Туулган жери: |
Кызыл-Октябрь, Ленин району, Талас облусу, Кыргыз ССРи, СССР |
Өлгөн датасы: |
1 -февраль 2019 (96 жаш)[[]] |
Каза болгон жери: | |
Жарандыгы: | |
Дини: | |
Партиясы: | |
Ишмердүүлүгү: |
Саясатчы |
Сыйлыктары: |
Өмүр баяны
түзөтүүКорчубек Акназаров 1922-жылы 1-августта Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Кызыл Октябрь айылында туулган[1]. Эмгек жолун 1941-жылы айылдык жети жылдык мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган.
1943-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1-Беларус фронтунда баскынчыларга каршы согушкан. Варшавага чейин жетип, Висла дарыясын кечип өтүү учурунда жарадар болгон. Ал I даражадагы «Ата Мекендик согуш» ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган.
1946-жылы майдандан туулган жерине кайтып келип, Чаткал районундагы Карл Маркс атындагы мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп баштаган
1947-жылдан тартып партиялык кызматтарда иштеп, адегенде Кыргызстан Компартиясынын Чаткал райондук комитетинин парткабинетинин башчысы, пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы болгон.
1961-жылдан 1990-жылга чейин Нарын облусунун Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондорунун партиялык комитеттеринин 1-катчысы болуп эмгектенген. Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетине бир нече жолу мүчө болуп шайланган.
Кыргыз ССР Жогорку Советине бир нече жолу депутат болуп шайланган. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин да парламентке депутат болгон
Корчубек Акназаров 2019-жылы 1-февралда Бишкек шаарында каза болгон[2]
Партиялык ишмердүүлүгү
түзөтүү1947-жылдан КПССтин мүчөсү.
1947-жылдан партиялык жетекчи кызматта, 1961-1971-жылдарда партиянын Ак-Талаа райкомунун биринчи секретары болуп иштейт.
1971-жылы партиянын Жумгал райкомунун, 1972-жылдан партиянын Кочкор райкомунун биринчи секретары.
Депутаттыгы
түзөтүүКыргыз ССР Жогорку Советинин (6-7-шайланышы.) депутаты.
1961-жылы 11-областтык партиялык конференцияда Кыргызстан КП Тянь-Шань обкомунун мүчөсү, ошол эле жылы Кыргызстан КПнин 12-сьездинде Кыргызстан КП БК мүчөлүгүнө кандидат, Кыргызстан КПнин 13-сьездинде Кыргызстан КП БКнин мүчөсү болуп шайланган.
Сыйлыктары жана наамдары
түзөтүүАл Ленин ордени, Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Музалевский М. В. Герои Социалистического Труда. Биобиблиографический словарь. — М.: РИЦ "Кавалер", 2008. — Т. 2. — 200 с.
Эскертмелер
түзөтүү- ↑ Умер Корчубек Акназаров — ветеран ВОВ и советский партийный деятель (орусча). Sputnik.kg (02.02.19). Текшерилген күнү 2 -февраль (бирдин айы) 2019.
- ↑ Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров дүйнөдөн кайтты (кырг.). КТРК (02.02.19). Текшерилген күнү 2 -февраль (бирдин айы) 2019. Түп булактан архивделген күнү 11 -февраль (бирдин айы) 2019.