Аколпок — кыргыз элинин эпикалык чыгармаларында кездешүүчү негизги жоокердик кийим. Ар бир эпикалык баатырдын чалгынга чыкканда жекеме-жеке беттешүүдө, кан майдан, кыргын согушка кийип жүрүүчү, коргонуучу кийим. А. эпосто ок өтпөгөн, найза тешпеген, кылыч кеспеген эң чыдамдуу жана касиеттүү, көркөм, азем-сый буюм катары сүрөттөлөт: Жакасы алтын жеңи жез, Жез бадана торгой көз, Кош бадана торгой көз, Келеме жака кең күрмө Керишке кийсе ок өтпөс, Найзанын учу тешпеген Нар кескен огу кеспеген... (Саякбай Каралаев, 2. 59). Аны Манаска окшогон баатырдын баатыры, эл башкаруучулар атак-даңк, сөөлөт үчүн да кийишкен. Алар ат жабдыктары өтө кооз күлүктөргө минишип, эл баштап, топ жарып, эл астында, көч астында өзгөчөлөнүп жүрүшкөн. А. жибек же башка кездемелер менен ичинен ичтелип, сыртынан кийизди жана кайышты кабатташтырып жөрмөп тигилген. Анын чыдамкайлыгын жана көрктүүлүгүн арттыруу үчүн бир канча кабатташтырылган кийиз менен кайышты беттештирип, кайра-кайра шырып жасашкан. Бет келген душманга сүрдүү көрүнүш үчүн А-тун сырткы беттерине жырткыч айбанаттардын (ажыдаар, жылан, арстан, жолборстун) ар түрдүү көрүнүштөгү сөлөкөтүн түшүрүп тигилгендиги эпосто көп жолу кайталанат: Астыңдан душман кез келсе, Жүрөгү чыгып кетсин деп, Ак олпоктун сыртына, Кара чаар жыландын Бедерин салып койгомун. Контексттеги маалыматтар байыркы скифтердин, сактардын доорлорундагы (б. з. ч. 6—2-к.) кийимдерге жырткычтардын сөлөкөтүн түшүрүп кооздук берүү салтынын түрк элдеринин доорунда да (биздин замандын 6—10-кылымында) сакталгандыгын көрөбүз. Бул жерде айтылган айбанаттардын кийимге тигилип түшүрүлүшүндө, баатырды ар кандай кокустуктан, өлүмдөн сактап калуучу «тотеминин» чагылдырылып берилиши да толук ыктымал. Олпоктун кабаттарынын арасына темирдин, албарстын майда өгөндүсүн же майда кумдун кошулгандыгы төмөнкүчө түшүндүрөт. Бул материалдар куюлушуп бир жерден экинчи жерге тез жылууга жөндөмдүү болгондуктан, аларды олпокту бышыктоо үчүн эмес, анын сырткы бетине, өзгөчө түр берүүдө, оюм-чийимди же айбанаттын көрүнүшүн элестүү кылып түшүрүүдө атайы колдонулган. Мындай ыкма эл ичинде илгертен белгилүү, бирок эпосто башка мааниде берилип калган. Анткени, кумду же таарындыны кабатталган кайыштын арасынан ары бери оңой эле шилеп жылдырып, каалагандай формага келтирүүгө болот. Ушундан кийин аны куюлтуп төгүп салып талаптагы форма көркөмдөлүп, жөрмөлүп тигилген же атайын кымбат заттан жасалган кооздуктар кадалып коюлган. Ал эми олпоктун өңүрүнүн, этегинин, жакасынын, жеңинин кырларын чыгаруу үчүн кебезден же жүндөн атайын келептелинип алынган эшинди жип пайдаланылган. Аны тышкы кайыштын керектүү каттоосуна салып, анын эки жагынан тиш менен тиштелип так салынган. Кайышка ушинтип «так» салып тигүү кийимдин керектүү көрүнүшүн сымбаттуу жана түз болушун арттырган, ошондой эле оюм-чийим түшүрүүдө атайын колдонулган. Бул ыкманы элдик чеберлер ушул убакка чейин кайыш иштетүүдө колдонуп келүүдө. Уздардын чебер колдорунан жаралган. А. атчан жоокердин кыймыл аракетине ылайыкташтырылып чолок этек, кыска жең, тик жака болуп, алды-арты туюк жасалып, эки капталы ачык болгондуктан кийип, чечүүдө атайын бүчүлөр менен бүчүлөнгөн. Ушул себептүү баатырлар беттешкенде каршысына карата: «Өпкө боору тушу деп, Өлөөр жери ушу деп», олпоктун ошо бүчүлөнгөн ачык жерине карата мээлешип сайышышат. Согуштук беттешүүлөрдө А-ко кошуп, атайын чарайна, чопкут, карыпчы, белдемчини тартынышып, кандагай, көкжеке, туулга жана башкалар жоокердик кийимдер да кошо кийилет. Алардын ар биринин өз алдынча тигилүү ыкмасы, эмнеден жасала тургандыгы жана пайдалануучу өз орду, керектелүүчү максаты болот. «Олпок» деген аталыш дагы, тигил кийимдин алды арты өзүнчө болуп, бүчүлөр менен бириктирилгендиги үчүн болуу керек. Эпикалык баатырлардын «олпоктун бир этегин жамынып, бир этегин төшөнүп», — деген даректерине караганда ал экиге бөлүнөт. Демек, кыргыз тилинде «олпок» деген сөздүн «төшөк» деген маанисинде сакталып калгандыгы да кокусунан эмес. Ал эми «ак» деген термин жалпы эле түрк тилиндеги элдерде түстү гана эмес, ыйык, касиеттүү, сыйкырдуу деген маанилерди да билдирет, к. Ак. Ак ордо — борборлошкон элдердин башкаруучусунун же жоокердик кошундун жетекчисинин туруктуу жайы. Эпосто Манастын А. о-су башка үйлөрдөн көлөмүнүн чоңдугу жана кооздугу боюнча өзгөчөлөнүп сүрөттөлөт. Ал жада калса бор менен бордолуп, ак кийиз менен жабылган көрүнүшү боюнча да айырмаланат. Жазма булактар маалыматтарына караганда байыркы гунндардын (3—5-к.) жана түрктөрдүн (6—8-к.) доорунда бир жерден сейрек көчүрүлгөн А. о-нун болгондугу айтылат. Көкүнор көлүнүн жээктеринен кетишип, Тибет мамлекетин башкарышкан «жетекчилердин» да бир нече жүздөн ашык адамдар бата турган үйлөрдө жашай тургандыгы кытай жазмаларында да айтылган. Мындай үйлөрдүн керегелерин «кош кабат» жана ууктары улама болгон көрүнүштөрдү Миң-Суу ойдуңунда аскага чегилген сүрөттөрдөн (2—3-к.) жана 14-к-дын биринчи жарымында тартылган «персиялык минатюралардан» көрүүгө болот. Эпосто айтылган А. о-нун керегелери да эки кабат болуп, бийиктетилип, ар бир канат керегенин ортосуна орнотулган түркүктөргө керегелер чырмалып бекемделген. Ал эми ошол керегеден түндүккө чейин ууктарды жеткизүү үчүн алар сөзсүз түрдө бири-бири менен улаштырылат. Өз учурунда жерге орнотулуп, узун түркүктөр менен карматылган иймек чоң айлана түрүндөгү туура жыгачтар улаштырылган ууктардын асты жак ортосунан тиреп турган өбөк болуп калат. Ошондо гана А. о-нун жыгачтан кынаштырылып тургузулган бийик жана кенен көрүнүшү пайда болот. Үйдүн ушул жыгачтарына ак кийиздер жабылганда маңкайып башкалардан өзгөчөлөнгөн А. ошондой үйдүн тигилгенин көрөбүз. Эпосто айтылган Манас баштаган кырк чоро, кербендер, дагы толуп жаткан коноктор кенен баткан, эшигинен атчан адам эркин кирип чыккан эпикалык А. о-нун турмушта болгондугун ырастайт. Ак падыша (Романовдордун сулалеси башкарган учурдагы Россия императорлорунун кыргызча жалпы аталышы) — Манас эпосунун эпизоддук кейипкери. Радлов жазып алган вариантта гана айтылат. Эпосто «Ак падыша мени аркалап турган соң маа урушаар киши жок болгон» (Радлов жазып алган вариант, 64) деген Манастын сөзү, Көкчө менен урушкандан кийин Манас «ак падыша менен кеңешем» деп үч ай кеткени айтылуу менен бирге Манас баатыр А. п. менен сый, кеңештеш мамиледе болгон деген ой берилет. «Манас орусту жоолоп келген жок» (Радлов жазып алган вариант, 62). Манас А. п. менен кеңештеш болуп, Манаска орустан бөлөк журттун баары баш ийип турду деп айтылат. Айтуучунун Манасты орус эли жана А. п. менен тынчтык маанайда жашаган баатыр катары көрсөткөнүнө В. Радлов да көңүл бөлгөн: «Мында падышанын эске алынышы менин катышып отурганыма байланыштуу болду. Ырчы Манастын орустарды жеңгенине орус чиновниги нааразы болушу мүмкүн деп ойлоп, менин көңүлүмө жаккандай өзгөртүү киргизди» (Радлов жазып алган вариант, 13),— деп белгилеген. Манасчынын угуучуга карата эпостун окуяларын кандайча өзгөртөрүн байкаган: «Бул шарт ырчы өзүнүн угуучуларына кандайча көңүл бурганын көрсөтөт» (Радлов жазып алган вариант, 13 — 14). Манас А. п-га келип: Каапырдын журтун какшатамын Ачууланба падышам! Кызыл баш журтун кырамын Ачууланба Манаска! Кокондун журтун коркутамын, Ындынын журтун ыйлатамын, Ачууланба Манаска (Радлов жазып алган вариант, 72),— дейт. А. п. менен акылдашып Манастын орустан башка элдерди чаап, мал-мүлкүн олжолоп алуу идеясы падышалык орус баскынчыларынын сырткы саясатына, Кокон кандыгынын жана жергиликтүү феодалдык бийлөөчүлөрдүн баатырдык, эрдик жөнүндөгү түшүнүк, көз караштарына туура келген. Бирок, эпостун жалпы элдик идеясына жат көрүнүш катары кийинки эпизоддордо өнүктүрүлбөйт, эпос аткарылган учурга ылайык айтылган декларация бойдон кала берген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4