Акропарэстезия — бут кетмени менен колдун манжаларынын уюп, чымыроосу. Мында сайгылашкандай, ачышкандай, бир нерсе жөргөлөп кеткендей жагымсыз сезим туулат. Акропарэстезия көбүнчө түнкүсүн пайда болот. Күндүз буттун же колдун ыңгайсыз абалда туруп же андагы кан тамырлардын, нервдердин басылып калуусунан болушу мүмкүн. Ошондой эле башка оорулардын (моюн остеохондрозу, невроз, акромегалия ж. б.) белгиси болушу ыктымал. Дарылоодо кан тамырды кеңейткич дарылар колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү