Аксай, тоо
Аксай тоо — Түркстан кырка тоосунун түндүк тармагы. Карабшин суусунун алабында. Тоо кеңдик багытта 21 кмге созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Орточо бийиктиги 2800–3000 м, эң бийик жери 3564 м.
Жону негизинен жайпагыраак, аска жокко эсе. Капталдары тик (40–50°) жана кыска, жар, кокту-колоттуу. Карбон мезгилинин акиташ теги, кремнийлүү боксит тектеринен турат. Капталдарына талаа (1500–1600 м бийиктикке чейин; кызылот, айуучач, сарындыз ж. б. басымдуу), арча токойлуу шалбаалуу талаа (2700–2800 мге чейин) жана талаа (бетеге, ыраң ж. б.) ландшапт алкактары мүнөздүү. Жайкы жайыт катары пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргызстандын географиясы Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|