Аксай көмүр кени Нарын облусунун Ак-Талаа районунда, Аксай суусунун башатында, Жамандаван тоосунун түндүк этегинде. Кен жөнүндөгү алгачкы маалымат 1936–39-ж. Н. М. Синицын тарабынан берилген. 1952-ж. издөө иштери, 1955–56-жылдары көмүр казып алуу үчүн 60 м тереңдикке чейин штольня өтүлүп, 1957–59-жылдары издөө-баалоо, чалгындоо иштери жүргүзүлгөн (Н. К. Гильмитдинова). Көмүрлүү юра катмарында негизги кабат жана бир нече кабатчалар бөлүнгөн. Негизги кабатынын калыңдыгы өтө өзгөрүлмөлүү жана кендин ар түрдүү бөлүгүндө ар кандай. Анын калыңдыгы 0,05 мден 6,90 мге чейин өзгөрөт. Көмүрдүн сапаты технологиялык касиети, петрографиялык курамы изилденбегендигинен кайсы маркага тийиштүү экендиги белгисиз. Көмүр айрым көрсөткүчтөрү боюнча Таш-Көмүр, башка көрсөткүчтөрү боюнча күрөң көмүр метаморфизм стадиясына таандык. Орточо күлдүүлүгү 11,0%, орточо күйүү жылуулугу 28,24 М Дж/кг (6746 ккал/кг). Эсептелген запасы (В+С1+С2 категориясы боюнча) 183 миң т.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү