Аксакалдар бийлиги - алгачкы жамааттык (общиналык) коомдо уруктагы, уруудагы, уруу союздарынын башында турган жол башчылардын, көсөмдөрдүн бийлиги. Бул доордо коомдогу башкаруу бийлигин аксакалдар же алардын кеңеши башкарган. Бул этнология илиминде «геронтократия» деп аталат жана ал англиялык этнограф У.Риверс тарабынан киргизилген. Аксакалдар бийлиги кыргыз коомунда өзгөчө ролго ээ болушкан. Бул бийлик өзгөчө «аскердик демократия» деп аталган өткөөл доордо, мамлекеттүүлүктүн алгачкы белгиси болгон уруулук бирикмелер түзүлүп жаткан мезгилде (доордо) өзгөчө мааниге ээ боло баштаган. Ички, тышкы алакалар, коомдогу маанилүү маселелер аксакалдар бийлиги тарабынан чечилген. Кыргыз каганынан Кытайдын Тан династиясынын императорунун кабылдоосунда аксакал, журт башчысы, элтебер Шибокюй Ачжан болгондугун жазма булактар баяндайт. Кыргыз коомунун андан соңку өнүгүүсүндө да аксакалдардын ээлеген орду маанилүү бойдон кала берген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү