Акташ тоосу – Алай кырка тоосунун түштүк-чыгыш тармагы. Кызылсуу жана Гүлчө сууларынын суу бөлгүчү.
Кеңдик багытта жатат. Узундугу 20 кмдей, туурасы 2–3 км. Орточо бийиктиги 3800 м, эң бийик жери 4055 м.

Тоонун кыры жайпак, капталдары жантайыңкы. Даван, Калмакашуу, Шартдаван ашуулары бар.
Силур-девондун сланец, кумдук, акиташ теги, кремний, туф, порфирит жана ортоңку карбондун кремний, сланец, акиташ тектеринен түзүлгөн.
Шалбаалуу талаа жана шалбаа өсүмдүктөрү басымдуу; 3800 мден жогору нивалдык-гляциалдык алкак ээлейт. Жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү