Актерек мөңгүсүТескей Ала-Тоонун түндүк капталында жайгашкан өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 4,1 км, аянты 3,0 км2. Ысык-Көлгө куйган – Актерек суусунун башында жайгашкан. А. м. капталдары тик аскалуу кууш өрөөнгө кептелип, бети мореналар менен туташ капталган. Негизинен кар көчкүлөрдөн куралат. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4670 м, этеги 3540 м бийиктикте жайгашкан. Кар чегинин бийиктиги 3810 м. Абляция облусунун аянты 1,6 км2. Мөңгүдөн Актерек суусу башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү