Активдүү борбор (биология)

Активдүү борбор (биология) - энзимологияда субстраттын байланышында жана айлануусунда жооптуу ферменттин өзгөчө бөлүгү. Мейкиндикте спецификалык жайгашкан амин к-талардан турат. Ферменттин үчүнчүлүк түзүлүшү пайда болгондо, полипептиддик тизмектин бөлүктөрү жакындаганда биригип А. б-ду түзөт. А. белоктор хим. түзүлүшү субстраттын түзүлүшүнө дал келет, ошондуктан ферменттин таасири спецификалык болот. А. б. негизги цистеин, серин, гистидин, глутамин жана аспарагин к-талары, лизин, фенилаланин жана башка амин к-талары түзөт. Кээде А. б-дун түзүлүшүндө коферменттер жана металлдардын атомдору катышат. Иммунологияда А. белоктор - бактериялардын , вирустардын же башка антигендерди байланыштыруучу антителолордун өзгөчө бөлүгү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү