Актоо өкүмү – соттолуучу адамдын күнөөсүздүгүн аныктай турган өкүм. Ал төмөндөгүдөй учурларда кабыл алынат:

  • кылмыш окуясы жок болгондо;
  • соттолуучунун жосунунда кылмыш белгиси жок болгондо;
  • соттолуучунун кылмышка катышы бар экендиги далилденбегенде;
  • залал келтирген адам аракетинде кылмыш-жаза мыйзамдарына кайчы келе турган укук бузуу белгилери жок болгондо (коргонуу зарылчылыгы, өтө зарылчылыктан улам, кылмыш жасаган адамды кармоо, буйрукту же көрсөтмөнү аткаруу учурларында залал келтирилсе, акталган тобокелге барганда).[1]

Шилтемелер түзөтүү

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7