Актүз кенташ калдыгын сактоо жайы

Актүз кенташ калдыгын сактоо жайы - Чүй облусундагы Актүз шаарчасына жакын жайгаштырылган. Актүз мамлекеттик акционердик коомуна караштуу. Төрт участоктон турат: биринчисинин аянты 40 миң м (1942-55-ж. иштеген), экинчисиники 130 миң м2 (1971-94-ж.), үчүнчүсүнүкү 30 миң м2 (1965-94-ж.), төртүнчүсүнүкү 158 миң м2 (1978-93-ж.). Төртүнчүсүнөн башкалары консервацияланган. Буларда Актүз сейрек металлдар жана Борду полиметалл кендеринин рудасын иштетип, пайдалуу металлдарды бөлүп алгандан кийин калган, курамында коргошун, цинк, жез, торий ж. б., сейрек кездешүүчү металлдар, ошондой эле айрым минерал түрлөрү (хлорит, серицит, цитролит, циркон ж. б.) бар кенташ (руда) калдыктары сакталат. Гамма нурлануу өлчөмү 25-40 мкр/с. Азыр тынч абалда (табигый жана антропогендик кийлигишүүсүз), экологиялык жактан коркунуч туудурбайт. Бирок, 1998-ж. жазында төртүнчү участоктун дамбасынан суу ашкандыгы байкалган. Ошондуктан көзөмөл жүргүзүп туруу зарыл.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1