Акустикалык түзүлмө - аракети катуу нерселерде жана суюктуктарда оптикалык диапазондогу электрмагниттик жана акустикалык толкундардын өз ара аракеттерине негизделген түзүлмө. Ал оптикалык нурлануунун мүнөздөмөлөрүн (серпимин, уюлдашуусун, жарыктык ишаратын, спектрдик курамын ж. б.) башкарууга жана алып жүрүүчүсү жарыктык, акустикалык толкундар болгон маалыматтарды иштеп чыгарууга мүмкүндүк берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1