Акцелерация — балдар менен өспүрүмдөрдүн боюнун, акыл-эсинин жана денесинин тез өсүшү.

Азыркы балдар менен өспүрүмдөр мурдагы өз жашташтарына караганда ар бири жаш өзгөчөлүгү боюнча бою жана салмагы артууда. 1970-ж. москвалык 6 жашар бала 1906-жылдагы өз курбалдашынан бою 7 смге бийик, салмагы 2,4 кгга оор болгон. Сүт тиштери эрте чыгат, ал туруктуу тиштер менен эрте алмашат, скелет эрте сөөктөнөт (катыйт). Натыйжада өсүү өткөн бир нече 10 жылдарга караганда 2 — 3 жылга эрте токтойт.

Акцелерацияда дене көлөмү гана өспөй, жыныстык жактан да эрте жетилет. Мисалы, 1932-ж. москвалык кыздын этек кири 15 жаш 2 айда болсо, 1970-ж. 12 жаш 7 айда келген. Өсүү жана өөрчүүдөгү Акцелерация бардык жерде байкалганы менен анын темпи ар кандай. Ири шаарларда тез, майда шаарлар менен кыштактарда жай жүрөт. Дененин тез өсүүсү менен бирге организмдин кээ бир функцияларынын күчөшү байкалууда: мисалы, жүрөктүн кагуусу жана артерия басымы чоң кишилердин көрсөткүчүнө эрте жетип, тил эрте чыгып, булчуң күчү эрте жетилүүдө. Бирок балдардын психикалык өнүгүүсү да бир мезгилде жүрүүдө деп далилдөөгө болбойт. Бул фактылар өспүрүмдөр эрте бойго жетет деп айтууга жетишсиз. Акцелерациянын себептери жөнүндө ар кандай гипотезалар бар: бир катар илимпоздор күн нурунун ургаалдуу таасири, тамактануунун жакшырышы, электр магниттик жана иондоштуруучу нурлануунун таасири деп далилдесе, экинчилери жашоо шарттын жакшырышы, тамак-аштын витаминдүүлүгү жана арбын болушу, балдар ооруларынын азайышы, радио, телекөрсөтүүлөр, басма сөз аркылуу көп жаңылыктарды билүү балдардын ар тараптан тез өсүшүнө шарт түзөт дешет. Бирок, бул гипотезанын бири да туура деп далилдене элек. Акцелерацияда тигил же бул факторлор негизги ролду ойношу мүмкүн. Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде балдардын жана өспүрүмдөрдүн боюнун өсүшү жана өөрчүшү токтоп, бою кичирейип, салмагы азайып, жыныстык жактан жетилүүсү жайлап кеткен. Согуш бүткөндөн кийин, А. процесси жаңыланып, бат эле дене жагынан өсүү деңгээли эки эсе жогорулаган. Бул дагы Акцелерациянын социалдык шартынын бир далили болуп эсептелет. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугуна Акцелерациянын оң жана тескери таасирин ырастоочу жетишерлик далилдер азырынча жок.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8