Акционердик укук – акционердик коомдордун жана алардын катышуучуларынын (акционерлердин) абалын аныктоочу укук ченемдеринин жыйындысы. Акционерлер менен акционердик коомдун ортосундагы корпоративдик мамилелер Акционердик укуктун предмети болуп саналат.

Кыргыз Республикасында Акционердик коомдордун жана алардын катышуучуларынын укуктук мамилелери КР "Акционердик коомдор жөнүндө" мыйзамынын негизинде жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7