Акчубак - черик уруусундагы ири уруктар тобунун аталышы[1].

Этнонимдин параллелдери жору, саруу урууларыннын курамдарында бар. Махмуд Кашгари “Сөздүгүндө” этнонимдин экинчи компоненти (Cibaq]) - “чибак”- ылаачын маанисин туюнтарын жазат[2].
Азыркы кыргыз тилинде “чубак”:

  1. Күндүн нуру.
  2. Күндүн аптабы, ысыгы” дегенди түшүндүрөт[3].

Жырткыч куштар, мифологиялык канаттуу аргымак, багыш ж.б. байыркы мезгилдерде Көк Теңир менен Жердин ортолугундагы байланыштыруучу милдетти аткарса (шамандын минген канаттуу аргымагы, кушу ж.б.), анда этнонимдин баштапкы тотемдик маанисинин негиз болгондугун болжолдоого болот. Демек, жыйынтыгында этноним “ак ылаачын” маанисин аныктайт дегенге толук негиз бар.

Бул уруктар тобуна төмөнкүлөр кирет:
дархан, жабыке, мамыке, жолуке, кытат ж.б.[4].

Эскертүүлөр түзөтүү

  1. Абрамзон, 106.
  2. Махмуд Кашгари, Т.1. 369.
  3. Юдахин, 873.
  4. Аттокуров, 1995, 85.

Колдонулган адабияттар түзөтүү