АкылайМанас эпосундагы каарман, Манастын аялы, Шооруктун кызы. Манас Оогандын ханы Шоорукту жеңип, кызы Акылайды тартууга алат. Жоокерчилик доордун салты боюнча кыз баатырдын «олжосу» болуп турган тарыхый шарттын көркөм элеси эпостун бардык варианттарында учурайт. Түш. Кыргызстандан (Ноокат, Алай райондору) жазылып алынган жана Жусуп Мамайдын вариантында Акылай эмес Накылай. Бардык айтуучулар Акылайдын образын түзүүдө жалпы эпостук салтка ылайык анын портретине, ички сапат-касиетине, кылык-жооругуна таамай мүнөздөмө беришет: Шооруктун кызы Акылай, Шоодураган капырай, Короз моюн, аппак бет, Койкоңдогон кара бет. Карагат көздүү, кардай эт, Какшаңдаган кара бет (Сагымбай Орозбаков, 2. 221). Акылай келишимдүү сымбаты, жасакерленген кыял-жоругу аркылуу Манаска жагууга аракеттенет. Анын колунан иш келбеген чоркоктук, эл тагдырына көңүл кош караган пассивдүүлүк, жеңил ойлуулук, туруксуздук, мансапкорлук жана күнүчүлдүк сыяктуу жагымсыз сапаттарын, акылсыздыгын байкаган Бакай: «Каада билбес катының, Кайдан келген каапырың. Катыным бар деп ойлопсуң, Канкорум Манас бойдоксуң»,— (Саякбай Каралаев, 1. 235),— деп Манаска «тагдырына багышталган», «маңдайына жазылган» аялы башка экенин билдирет. Анткени Акылай Манаска ылайык жар эмес, эпикалык чыгармадагы башкы баатырдын аялына коюлуучу талаптарга жооп бербейт. Манастын жоо кийимин даярдап, сарамжалын көрүү милдетин аткара албаганы — Акылайдын Манаска татыктуу жар эместигинин далили. Манастын Акылайды олжолоп үйлөнүшүнүн жалпылыктары ар бир айтуучунун окуяны берүү бөтөнчөлүгүн, образ түзүү өзгөчөлүгүн жокко чыгарбайт. Акылайдын образынын эволюциялык өнүгүшүндө белгилүү айырмачылыктар учурайт. Саякбай Каралаевдин вариантында Манастын өлгөнүнө кырк күн толо электе Акылай «ал уулга тийбес катындын жети атасы каапыр», — деп Көбөшкө тийип алат. Кайрадан күйөөгө тийип, өз баркын көтөрүү максатын көздөгөн Акылайдын образы таптык коомдогу «канышаны» элестетет. Эпосто Акылайдын жагымсыз образы аркылуу өз элин эл тута албай жат болуп, ички душмандын кызматын кылган, өз кызыкчылыгын баарынан жогору койгон мансапкор аялдын элеси берилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4