Акыл-эси жайында эместик

Акыл-эси жайында эместик - адамдын коомдук коркунучтуу жосун жасаган убакта акыл-эси жайында эмес болгон, башкача айтканда психикалык өнөкөт оорунун, психикасынын убактылуу бузулушунун, кем акылдыгынын же болбосо психикасынын башка оорулуу абалынын кесепетинен өзүнүн аракеттерине (аракетсиздигине) жооп бере албаган же аларды башкара албаган абалы. Акыл-эси соо эмес деп таанылган адамга сот тарабынан медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулушу мүмкүн, ошондой эле ал адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбайт.[1]


Шилтемелер түзөтүү

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7