Акыл чабуулу – бул чыгармачыл ой жүгүртүү методу. Ал адамды чектелип калуудан арылтуу аркылуу маселени жаңыча чечүү жолдорун табууга жардам берет. Акыл чабуулу интерактивдүү методдордун бири. Мында ар бир катышуучу өз ой-пикирин, идеясын эркин айтат. Катышуучулар бири бирин сындашпайт, тескерисинче, толукташат. «Туура эмес» деп да, «мен сага кошула албайм» деп да айтышпайт. Туура же туура эмес деп да бааланбайт. Андыктан, окуучулар өз ойлорун эркин айтышат. Эч кандай обочолонууга жол берилбейт. Жөнөкөйлөтүп айтканда, «акыл чабуулу» ой жарыштырууга, көп жактуу ойлоого, бир нече варианттуу ойлоого, ал ойлорду салыштырууга, рационалдуу ыкманы табууга көмөктөшөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Кыргыз педагогикасы: энциклопедиялык окуу куралы". Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор Ү.Асанов, жооптуу редактор И.Бекбоев. Бишкек - 2004. УДК 37.0 ББК 74.00я2 К 97