Акыл эмгегинин гигиенасы

Акыл эмгегинин гигиенасы - Акыл эмгегинде организмге жогорку талап коюлат. Акыл эмгеги менен көп иштеген киши мезгили менен кыймыл-аракеттүү жумуш жасаса же спортко кызыкса анын акыл жагынан болгон жөндөмдүүлүгү жогору болору аныкталды. Акыл эмгегин ийгиликтүү аткарууда күн тартибинин мааниси чоң. Күн тартибин сактабаган киши бат чарчайт, эмгек өндүрүмдүүлүгү аз болот.

Жумуш күнүнүн өндүрүмдүүлүгүн арттыруу үчүн эс алууну туура уюштуруу зарыл. Эс алуу туура уюштурулуп жана активдүү өтүп турууга тийиш. Эс алууну шаардан сырткары жаратылыштын кооз жерлеринде өткөрүү максатка ылайык келет. Акыл эмгегинде иштегендер үчүн эртең менен гигиеналык гимнастика жана суу процедурасы сунуш кылынат. Күндө жумушка жөө баруу жана жөө кайтуу сыяктуу адаттар эң эле пайдалуу. Уйку нерв системасынын чарчаган клеткаларына тынчтык берет. Адам суткасына 7—8 саат уктоого тийиш. Уктар алдында өтө күчтүү эмоциялык сезимге берилүүнүн зарылчылыгы жок, анткени ал уйкунун өз убагында келишине тоскоолдук кылат. Туура уюштурулган уйку «пассивдүү» эс алуунун негизги формасы болуп, активдүү эс алуу менен туура айкалышып туруусу керек.

Иш бөлмөсү кенен, жарык, таза болгону жакшы. Акыл эмгегинде маанилүү гигиеналык шарттардын бири — тынчтык. Иштеген жердеги ызы-чуу, тарсылдак, тамекинин түтүнү кишинин организмине терс таасир этип, тез чарчатат. Ар дайым таасир эткен ызы-чуу жеке гана угуу анализаторун чарчатпастан, угуу органын да начарлатып, организм бүтүндөй чарчайт. Ошондой эле акыл эмгегине алкоголь ичимдиктеринин зыяны өтө чоң. Акыл эмгегинде көп чарчабоо үчүн иш ордун туура уюштуруу зарыл. Столдун үстүндөгү буюмдардын ашыкча көптүгү алагды кылып, көңүл топтоого тоскоолдук кылат, ошондуктан ашыкча буюмдарды алып таштап, керектүүлөрүн гана жайгаштыруу талапка ылайык. Туура тамактануу организмдин бардык функциялык жөндөмдүүлүгүн өөрчүтөт. Акыл эмгегинин мезгилинде зат алмашуунун күчөшү, мээнин жана башка ткандардын керектүү заттарды көп талап кылуусу изилдөөлөрдө аныкталган. Ошондуктан, акыл эмгеги менен иштегендердин рационунда белок, май, углевод, минерал туздар, витаминдер (В, В|, В|2, С, РР) жетишерлик өлчөмдө болгону өтө зарыл.

Эмгектин, айрыкча акыл эмгегинин натыйжалуулугу үй-бүлөдөгү жана иштеген жердеги психологиялык атмосферага, адамдын көңүлүнүн ачык, сергек болушуна байланыштуу. Ошондуктан эмгек коллективинде тынчтык, ак ниеттүү мамилелер элди эмгекке уюштурат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8