Нерв системасы
Нерв системасы — эң эле ар түрдүү милдеттерди аткаруучу татаал системалардын тобунан турган организмди башкарып, аны тартипке салуучу татаал түзүлүштөгү система. Нерв системасынын эң негизги милдеттеринин бири — организм менен сырткы чөйрөнү тыгыз байланыштыруу. Ал түрдүү сезүү органдарынын жардамы менен териде, ички органдарда, булчуңдарда жайгашкан сезгич нерв талчалары аркылуу организмдин ички жана сырткы чөйрөсүнөн тынымсыз кабарларды алып, дүүлүктүргүчтөргө жараша ага жооп кайтарат. Нерв системасы организмдин бардык системаларын бириктирип тартипке салып турат.

БөлүнүшүОңдоо
Нерв системасы
- борбордук нерв системасы (мээ, жулүн) жана
- четки нерв системасы (нервдер, нерв түйүндөрү, нерв чатыштары, нерв талчалары) болуп экиге бөлүнөт.
Булардын баары негизинен нерв тканынан турат да, алар үчүн мүнөздүү болгон козголгучтук (дүүлүгүчтүк) жана өткөргүчтүк милдетин аткарат.
Байланышкан макалаларОңдоо
Колдонулган адабиятОңдоо
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8