Акынбек (Акымбек, Акунбек)

Акынбек (Акымбек, Акунбек)Манас эпосунун эпизоддук кейипкери, Меңдибайдын. атасы. Кыргыздардын жыйындарында катарда саналуучу уруу башчысы. Эпосто уруусу өзбек, набат, нойгут делип түрдүүчө берилет (Сагымбай Орозбаков, 1. 250; 2. 24, 68, 94, 383), ошондой эле Меңдибай тууралуу кеп болгондо Акымбек же Акынбек уулу Меңдибай делип айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 41; 2. 372, 378).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4