Акыркы баатыр: Жамандыктын тамыры

2021-жылы чыккан Орусиянын тасмасы


«Акыркы Баатыр: Жамандыктын тамыры» (орус. Последний богатырь: Корень зла) — Орусиянын укмуштуу окуялуу тасмасы жана «Акыркы баатыр» тасмасынын уландысы. Режиссеру: Дмитрий Дьяченко. Тасманын бет ачары: Кыргызстанда жана Орусияда 2021-жылдын 1-январында болгон. [1] [2][3]

Акыркы баатыр: Жамандыктын тамыры
орус. Последний богатырь: Корень зла

Тасманын расмий постери
Жанры

Шумдуктуу окуя, фэнтези

Режиссёру

Дмитрий Дьяченко

Продюсери

Эдуард Илоян
Виталий Шляппо
Марина Жигалова-Озкан
Денис Жалинский

Башкы ролдордо

Виктор Хориняк
Мила Сивацкая
Сергей Бурунов
Екатерина Вилкова
Елена Яковлева
Константин Лавроненко
Кирилл Зайцев

Оператору

Сергей Трофимов

Композитору

Жорж Каллис

Кинокомпания

Walt Disney Pictures
Yellow, Black and White

Узактыгы

89 мүнөт

Бюджети

650 000 000 рубль

Кирешеси

664 843 446 рубль

Өлкө

 Орусия

Курактык чектөөсү

+3 (KGZ)

Тили

Орусча

Жылы

2021

Бет ачары
Мурдагы тасма

Акыркы баатыр

Кийинки тасма

Акыркы баатыр 3

IMDb

ID 13606158

Cinematica.kg

ID 956

Мазмуну түзөтүү

Жаман бакшылар, тактап айтканда, ханбийке Варвара жана анын апасы Белогорияга кол салышат. Илья Муромецтин уулу Иван ушул жерлерди сактап калууга тик турат. Иван жана анын достору каардуу сыйкырчыларды жеңиши керек жана алар Өлбөс Кощейдин жардамынан үмүт кылышат, бул үчүн алар өлгөндөрдүн жерин табыш керек болот.

Каармандарда түзөтүү

Актёр Роль
Виктор Хориняк Иван Найдёнов Иван Найдёнов
Мила Сивацкая Василиса Премудрая Василиса Премудрая
Сергей Бурунов Суу киши Суу киши
Екатерина Вилкова Варвара ханбийке Варвара
Елена Яковлева Баба-Яга бакшы жана сыйкырчы Баба-Яга
Елена Валюшкина Галина Галина
Александр Семчев Сыйкырдуу-юдо Сыйкырдуу-юдо
Юрий Цурило Илья Муромец Илья Муромец
Кирилл Зайцев Финист—Анык шумкар баатыр Финист—Анык шумкар
Гарик Харламов Колобок орус жомогунун баатыры Колобок (үн коштоо)
Константин Лавроненко Өлбөс Кощей Өлбөс Кощей
Тимофей Трибунцев Святозар маг Святозар
Таисия Вилкова Галинанын жаш кези Галинанын жаш кези

Тасманын тартылышы түзөтүү

Тасманы тартуу иштери Губаха шаарынан, Краснодар аймагынан жана Карелиядан анча алыс эмес жерде Крестовой тоосунда болгон, ал эми эң негизгиси Подмосковьеде тартылган[4] .

Жарнамалык кампания түзөтүү

2019-жылы 5-декабрда Одноклассники социалдык тармакка, тасманын биринчи тизер-трейлери жарыяланган. [5] [6]

Эскермелер түзөтүү

  1. Фильм «Последний богатырь-2» выйдет в декабре 2020 года. Текшерилген күнү 4 -январь (үчтүн айы) 2021. Түп булактан архивделген күнү 28 -март (жалган куран) 2019.
  2. Козловский в Чернобыле и Йовович среди шахматистов: над какими фильмами работают российские кинокомпании (орусча). RT на русском. Текшерилген күнү 9 -июнь (кулжа) 2019.
  3. Названа дата выхода фильма "Последний богатырь: Корень зла" (орусча). Life.ru (22 -март (жалган куран) 2019). Текшерилген күнү 9 -июнь (кулжа) 2019.
  4. Федор Цехмистренко. В Прикамье прошли съемки фильма «Последний богатырь: корень зла» (орусча). Текшерилген күнү 4 -январь (үчтүн айы) 2020.
  5. Первый трейлер сказки «Последний богатырь: Корень зла» опубликовали в «Одноклассниках» (орусча). Текшерилген күнү 5 -декабрь (бештин айы) 2019.
  6. Disney показал первый тизер сиквела «Последнего богатыря» (орусча). Текшерилген күнү 6 -декабрь (бештин айы) 2019.


Шилтемелер түзөтүү