Ак-Башат (Кучкач)Калинин районундагы Новониколаевка айыл советине караштуу кыштак.

Ильич атындагы колхоздун аймагында. Чоң-Чүй каналынын боюнда жайгашкан.

Райондун борбору жана темир жол станциясы Кара-Балта шаарынан 6 км түндүк-чыгыш тарапта.

19-кылымда негизделген. Калкы 1200 (1986); негизинен мал чарбасы, дыйканчылыкта эмгектенишет.

Орто мектеп, балдар бакчасы, фельдшер-акушердик пункт, клуб, китепкана бар. Кыштакта Соц. Эмгектин Баатыры Т. Сеңирбаев туулган.

Колдонулган адабияттар; түзөтүү

Кыргыз жери-энциклопедиясы.Башкы редактору М. Борбугулов.