Ак-Бешимтопоним. Манас эпосунда Чүй өрөөнүндө жайгашкан шаар катары сүрөттөлөт. Бул маалымат тарыхта белгилүү Ак-Бешим шаарчасы менен байланышып, географиялык реалияда эпикалык топоним тарыхый топоним менен дал келүүдө. "Манас" эпосунда бу жерди Акунбешим бийлегендиги айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында «Манас баатыр Чүйдөгү Акунбешимди жеңгени» деген өзүнчө окуя баяндалат. Бирок, жазма даректерде мындай ысымдагы башкаруучу кезикпейт. Токмок шаарынын түштүк-батыш жагынан орун алган Ак-Бешим шаар чалдыбары 10—12-кылымда «Караханийлердин» резиденциясы болгондугу чындык. Шаардын 7—8-кылымда «Суяб», «Ордукент» аталгандыгы белгилүү. Тынымсыз чабышуулар менен көчмөн турмуштун таасиринен шаар акырындап жоголгон. Элдик уламыштар менен «Манас» эпосунун айрым эпизоддорунда 11 — 13-кылымдагы окуялар чагылдырылып, шаар менен эпикалык каарманга бирдей энчилүү ат берилген. 11-кылымдан кийин шаар тарыхта такыр эле эскерилбейт.

Ак-Бешим.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4