Ак-Буура суусуКара-Суу жана Ноокат районунун аймактары аркылуу аккан суу, Кара-Дарыянын сол куймасы. Узундугу 136 км, алабынын аянты 2540 км2. Алай кырка тоосунун түндүк капталынан башталып, Ак-Буура капчыгайы аркылуу агат. Жогорку агымы Кичи Алай, ортоңкусу Турук деп аталат.

Ак-Буура суусу
Мүнөздөмө
Узундугу 136 км
бассейндин аянты 2 540 км²
Суу агымы
Аягы Кара-Дарыя
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан

Ак-Буура Ош шаары аркылуу агып өтөт.

Куймалары: Челкилдек, Кырк-Кечүү, Талдыбулак, Кошмойнок (оң), Жиптиксуу, Чугам,Талдыбулак (сол). Апрелде кирип, сентябрда тартылат.

Жылдык орточо чыгымы 21,4 м3/сек; байкалган эң көбү – 331 м3/сек,эң азы – 6,25 м3/сек.

Негизинен сугатка пайдаланылат. Ош шаарын суу менен камсыз кылат. Боюнда Төлөйкөн, Турук, Папан жана башка кыштактар бар.

Адабият түзөтүү