Ак-Суу (суу)Ак-Суу районундагы суу, Жыргалаңдын сол куймасы. Узундугу 45 км, алабынын аянты 513 км2. Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы мөңгүлөрдөн башталган Алтын-Арашан жана Алмалуу суулары кошулуп Ак-Сууну түзөт. Алабында 12 көл бар, алардын жалпы аянты 0,42 км2. Ири куймалары: Адыр-Төр, Чоң Кашка-Суу. Майда кире баштап, сентябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 5,10 м3/сек; эң көбү - 14,4 м3/сек, эң азы - 1,26 м/сек. Сугатка пайдаланылат. Алмалуу өрөөнүнүн оозунда Ак-Суу санаторийи, андан төмөн Теплоключенка кыштагы жайгашкан.

Ак-Суу
Мүнөздөмө
Узундугу 45 км
бассейндин аянты 513 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1